БУРГУЛООЧУ БАЛКА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРГУЛООЧУ БАЛКА , п е р ф о р а т о р – тоокен иштеринде, геологиялык чалгындоодо, ар кандай курулуштарды курууда, жарылгыч дүрмөттөрүн жайгаштыруу үчүн көзөнөктөрдү (шпурларды) оюуда же тоотектерди, бетонду, асфальтты талкалап томкорууда колдонулган ургулап-бургулоочу курал. Көзөгүчү ургулап айланган поршендин жардамы менен кыймылга келет. Ургулоонун жыштыгына жараша – минутасына 1000 жолу соккону (урганы) жыштыгы төмөн, 1600–2000 болсо нормалдуу, 2500ден көбү жогору жыштыктагы бургулоочу балка болуп бөлүнөт. Салмагы 10–30 кг, диаметрлери 46 ммге чейинки көзөнөктөрдү бургулоочу түрү – кол менен бургулоочу балка, салмагы 50–70 кг, 85 мм чейинки диаметрдеги 25 м тереӊдикке чейинки көзөнөктөрдү бургулоочу балка – бургулоочу манипулятор же колонка, салмагы 30–50 кг, тик өйдө багытталган көзөнөктөрдү 15 мге чейинки тереӊдикте бургулоочу түрү – телескоптуу бургулоочу балка (же перфоратор же телескоптуу курулма) деп айырмаланат. Чоӊ жыштыкта ургулап бургулоочу балка бургу арабасына (каретага) орнотулуп, аралыктан башкарылат.