БУРГУЛОО-ЖАРДЫРУУ ЖУМУШТАРЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРГУЛОО-ЖАРДЫРУУ ЖУМУШТАРЫ – шахтада, карьерде жана тоокен иштеринде бургуланып алынуучу казмаларга жарылуучу заттарды салып, аларды жардырып, чулу тектерди майдалап талкалоо. Дүрмөттөрдү жайгаштыруу, алардын формасы жана чоӊдугу боюнча Бургулоо-жардыруу жумуштары шпурдук, казанбак дүрмөт, кичине камералык жардыруулар, колонкалуу (узун) жана камералык ачык дүрмөттүк иштетүү деп бөлүнөт. Жардырылуучу чөйрөдө шпур бургуланат. Ага патрондолгон жарылуучу заттар жайгаштырылат да, бош калган бөлүгү ылай же кум менен толтурулат. Дүрмөттөр от же электр тогу менен жардырылат. Жер үстүндө жана жер астында шпурдун түп жагындагы дүрмөттөрдү бир же бир нече жолу жардыруудан казанбак деп аталуучу камера пайда болот да, зарыл учурда дүрмөттөлүп, жардыруу мурдагы тартип боюнча жүргүзүлөт. Жер үстүндө массалык уратуулар, жардыруулар жана жер астында чоӊ боштуктарды жоюу иштери көп өлчөмдөгү жарылуучу заттарды пайдалануу менен жүргүзүлөт.


Ад.: Иманалиев А. И., Абдыкадыров А. И. Жардыруу иштери. Б., 2001.