БУРГУЛОО КӨЗӨНӨГҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРГУЛОО КӨЗӨНӨГҮ , с к в а ж и н а, к ө з ө н ө к – бургулоочу станоктордун жардамы менен жер кыртышында тоотектерди көзөп казылган цилиндр тибиндеги өткөөл. Көзөнөктүн диаметри 25 ммден 5 мге чейин жетип, тереӊдиги бир нече миӊ метрди түзөт жана бир жагы туюк болот. Эӊ тереӊ бургу көзөнөгү Кола жарым аралында долбоорлонуп (15000 м), учурдагы тереӊдиги 12000 мден ашыгыраак. Геологияда, ар кандай тереӊдиктердеги түзүлүштөрдү, тектерди, кен тулкуларын издөө максатында, нефть, газ, жер астындагы сууларды изилдеп чалгындоо жана иштетүү үчүн, жер кыртышында тик, горизонталдуу же жантык багыттарда бургуланышы мүмкүн. Аткарган кызматына жараша – геологиялык карта түзүү үчүн, структуралык, гидрогеологиялык, геофизикалык, изилдөөчү, чалгындоочу, казып алуучу желдеткич (шахталарда), дренаждык ж. б. деп айырмаланат. Бургулоонун ыкмасына карай канаттан соккуланып, колонкада айлантып бургуланган ж. б. деп да бөлүнөт.