БУРГУЛОО МУНАРАСЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БУРГУЛОО МУНАРАСЫ – бургулоо аспабын, забой кыймылдаткычтарын, каптоо түтүктөрүн түшүрүү жана көтөрүү үчүн бургулоо көзөнөгүнүн (скважинанын) үстүнө тургузулган курулуш. Бургулоо мунарасы полиспаст, түшүрүү жана көтөрүү операцияларын механикалаштыруу каражаттары, түтүктөрдү жайгаштыруучу кассеталар менен жабдылат. Анын бийиктиги көзөнөктүн долбоордогу тереӊдигине жараша тургузулат. Алар жыгач устундардан (тайыз көзөнөктөрдө), түтүктөрдөн же прокаттардан 3–4 капталдуу, кесилген пирамида түрүндө жасалат.