БУРГУНДДАР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРГУНДДАР – чыгыш герман уруусу. Б. з. 1-кылымында (адегенде Борнхольм аралында жашаган деп болжошот) континентке өтүшкөн. 406-жылы Рейнде борбору Вормс болгон королдугун негиздешкен. 443-жылы Рим федератынын укугу берилип, Савой аймагына көчүрүлгөн. Империянын начарланышынан пайдаланышып, Бургунддар 457-жылы Рона дарыясынын бассейнин ээлешет да, борбору Дион болгон жаӊы королдукту түзүшөт. Бул ыдырай баштаган Батыш Рим империясындагы алгачкы «варвардык» королдуктардын бири болду. Алардын галл-римдиктердин жерлерин ээлөөсү жана бөлүштүрүүсү феодалдаштыруу процесси үчүн чоӊ мааниге ээ болгон. Бургунддар 6-кылымдын башында католик динин кабыл алган. 543-жылы Бургунддар королдугу Франк мамлекетине биротоло кошулду. Кийин Түштүк Франциянын калкынын курамына кирген.