БУРГУ ШЛАМЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БУРГУ ШЛАМЫ – тоо тектерде көзөнөктөрдү (скважиналарды) бургулоо учурунда пайда болгон сүрүндү-сынык майда бөлүкчөлөрдүн суу аралаш топтондусу. Сыртка көзөнөктү жана анын түбүндө (забоюнда) чоӊ ылдамдыкта тегеренип тек жемирген көзөгүчтөрдү жууп тазалаган илээшкек чопо-ылай эритинди же атайын аспаптардын жардамы менен көтөрүлүп чыгып турат. Бургулоо керн алынбай жүргүзүлгөн учурларда, тереӊдикте таралган тектердин курамына байкоо жүргүзүүгө мүмкүнчүлүк түзөт.