БУРДЕНКО Николай Нилович

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРДЕНКО Николай Нилович [22. 5 (3. 6). 1876, азыркы Пенза облусу, Каменка кыштагы – 11. 11. 1946, Москва] – орус хирургу, нейрохирургияга негиз салуучулардын бири, СССР ИАнын академиги (1939), СССР МИАнын академиги жана биринчи президенти (1944–46), аскердик медицина кызматынын генерал-полковниги, Социалисттик Эмгектин Баатыры (1943). СССР Мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1941). 1906-жылы Юрьев (азыр Тарту) университетин бүтүргөн, 1910-жылдан ошол эле университетте профессор, Воронеж (1918) жана Москва (1932) университеттеринин медицина факультетинде профессор, 1929-жылдан нейрохирургия клиникасынын директору. 1937-жылдан Советтик Армиянын башкы хирург-консультанты. Бурденко борбордук жана четки нерв системасынын хирургиясын клиникалык практикага биринчи киргизген; шоктун пайда болуу себебин жана дарылоо жолдорун изилдеген; жүлүнгө операция кылууну сунуш кылган. Борбордук жана вегетативдик нерв системасынын онкологиясы, мээнин кан айлануусу ж. б. боюнча да баалуу идеяларды айткан. Ал нейрохирургдардын бөтөнчө мектебин түзгөн жана советтик саламаттык сактоо ишин уюштурууга активдүү катышкан. Үч Ленин ордени жана медалдар менен сыйланган. Борбордук нейрохирургия институтуна ысмы берилген, нейрохирургия жана аскердик-талаа хирургиясы боюнча мыкты иштерге ыйгарылуучу Н. Н. Бурденко атындагы сыйлык белгиленген.


Ад.: Багдасарьян С. М. Николай Нилович Бурденко. М., 1954.