БУРЖ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРЖ (Bourges) – Франциянын борбордук бөлүгүндөгү шаар. Шер департаментинин административдик борбору. Калкы 66,1 миӊ (2015). Орон жана Эрен дарыяларынын кошулган жеринде жайгашкан. Берри каналындагы пристань (Луара дарыясы менен байланышат). Б. з. 7-кылымында азыркы шаардын орду кельттердин тургун жайы болгон. Шаардагы Сент-Этьенн собору Бүткүл дүйнөлүк мурастын тизмесине кирген. Чиркөөлөр, соодагер Жак Кёрдин үйү, Пельвуазен сарайы, ар деко стилиндеги кооз бакчалар, Эл аралык электр-акустика музыкалык академиясы, Орлеан университетинин технологиялык институту, музейлер, театрлар ж. б. бар. Кол өнөрчүлүк өнүккөн. Авиа жана ракета куруу, аскер, шина, жыгаччылык, тамак-аш өнөр жайы иштейт.