БУРЖУАЗИЯ
БУРЖУАЗИ́Я (фр. bourqeoisie – шаардыктар) – соода, өнөр жай, кредиттик-финансылык ж. б. ишкердүүлүктөн киреше алган, капиталга ээлик кылган коомдук тап. Буржуазия өз алдынча тап катары салттуу (феодалдык ж. б.) коомдун шартында пайда болуп, 16–20-кылымдардагы революциялардын жана реформалардын жүрүшүндө коомдогу маанилүү саясий-экономикалык күчкө айланган. Кол өнөрчүлүктүн, товар өндүрүшүнүн жана сооданын өнүгүшүнүн натыйжасында шаар калкы тап катмарларына жиктелип, 15-кылымдын аягында шаар калкынын жогорку катмары – көпөстөр, банкирлер жана өнөр жай ишканаларынын ээлери Буржуазия аталып калган. Буржуазия прогрессчил тап катары индустриялык коомдун түптөлүшүнө, рынок экономикасынын, либералдык жана демократиялык баалуулуктардын бекемделишине түрткү берген. 16–18-кылымдардагы Нидерланддагы, Англиядагы, Франциядагы революциялардын натыйжасында бул мамлекеттерде Буржуазиянын бийлиги орногон. Социалисттик режим орнотулган өлкөлөрдө Буржуазия тап катары жоюлган. Учурда алардын айрымдарында рынок экономикасынын жана граждандык коомдун калыптануусуна байланыштуу ишкерлердин жана менчик ээлеринин социалдык катмары кайрадан жаралууда.