БУРИМЕ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРИМЕ́ (фр. bouts rimes – уйкаш деген мааниде) – алдын ала даярдалган уйкаштыкка ыр жазуу. Буриме формасы 17-кылымдын биринчи жарымында пайда болгон. Буриме кыргыз акындарына белгилүү болсо да, адабий салт катары өнүккөн эмес. Бирок акындар айтышына байланыштуу поэтикалык жанрдын айрымдарында өз алдынча пайда болуп, күчтүү өнүккөн Бурименин поэтикалык салттарын байкоого болот (мисалы, Токтогул менен Алымкулдун «Акбары» ж-дөгү айтышы). Токтогул адегенде Акбары жөнүндөгү айтыштын мазмунун, ыр башындагы жана ыр аягындагы уйкаштыктыгын алдын ала даяр түрүндө берген. Ал эми Алымкул ыр башындагы жана ыр аягындагы уйкаштыкты сактап, ырдын мазмунун андан ары улантып, тереӊдеткен. Алдын-ала даяр уйкаштыктардын негизинде ыр жаратууну азыркы мезгилде кыргыз акындары Ш. Дүйшеев, Н. Алымбековдун ырларынан да байкоого болот.