БУРКАН КӨЛҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРКАН КӨЛҮ – Ички Теӊир-Тоодогу тоо көлү. Тескей Ала-Тоонун түштүк капталында (Ара-Бел сыртында), Кичи Нарындын башаты – Буркан суусунун башында жайгашкан. Деӊиз деӊгээлинен 3822 м бийикте батыштан чыгышка карай созулган чакан ойдуӊду ээлеп жатат. Узундугу 1,5 км, эӊ жазы жери 0,55 км. Аянты 0,493 км2, суусунун көлөмү 1,671 млн м3. Эӊ тереӊ жери 10 м. Көл кар жана булак суулары менен толукталып, андан Буркан суусу агып чыгат. Көлдүн деӊгээли 1,5–2 мге чейин өзгөрөт. Жээгинин айрым бөлүгү аскалуу, кээ жери жыл мезгилине жараша саздуу. Тунуктугу 3 м. Көл чанагы мөӊгүнүн аракетинен пайда болгон.