БУРМА-СУУ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БУРМА-СУУ – Ысык-Көл облусунун Ак-Суу районундагы кыштак. Челпек айыл округуна караштуу. Каракол жана Ырдык сууларынын аралыгында, Тескей Ала-Тоонун этегиндеги түздүктө, деӊиз деӊгээлинен 1775 м бийиктикте жайгашкан. Райондун борбору Каракол шаарынан 17 км. Балыкчы темир жол бекетинен 220 км. Калкы 2399 (2022); негизинен дыйканчылыкта эмгектенет. Орто мектеп, китепкана, үй-бүлөлүк дарыгерлер тобу, клуб бар.