БУРМА КАРА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРМА КАРА (Corydalis) – өсүмдүктөрдүн апийимдер тукумунун уруусу; бир, эки же көп жылдык чөп. Жер астында түймөкчөсү же узун өзөк тамырлуу, тамыр сабагы жоон, көп баштуу. Сабагы бутактуу же бутаксыз, тик өсөт, бийиктиги 10–60 смге жетет. Жалбырагы сапсыз же ичке саптуу, бир же эки, кээде үч ача жалбырактан турат. Сабакта кезектешип жайгашат. Гүлү туура эмес, чөйчөкчө жалбыракчалары майда, гүлүнүн түсү мала кызыл же көгүш кызгылт, ак, саргыл, чачы топ гүлдүү. Мөмөсү – жазы, сөлпү же эллипстей кутуча. Уругу жалтырак, кара. Бурма каранын 320 түрү бар. Кыргызстанда 12 түрү белгилүү. Алар тоо этектериндеги шалбааларда, токойлордо, альп жана субальп алкактарындагы нымдуу жерлерде, шагыл-таштардын арасында, мөӊгүгө жакын жерлерде, таш коӊулдарында, жаракаларында өсөт. Тамырында алкалоид бар дары өсүмдүк. Айрымдары кооздук үчүн өстүрүлөт.
Э. Б. Капарова.