БУРСА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУ́РСА (мурда Бруса, Brusa, байыркы Пруса) – Түркиянын түндүк-батышындагы шаар. Бурса илинин (административдик-аймактык бирдик) административдик борбору. Калкы 2,2 млн (2020). Мрамор деӊизиндеги Гемлик булуӊунун жээгинде жайгашкан. Жолдор тоому. Аэропорту бар. Б. з. ч. 2-кылымда негизделип, Рим империясынын, андан соӊ Византиянын курамына кирген. 1326-жылы Орхан басып алып, Осмон мамлекетинин борбору болгон. 15–17-кылымдарда жибек токуп сатуунун, 1960-жылдан эл аралык туризмдин ири борбору. 14–16-кылымдарга таандык ысык булактарда мончонун салынган калдыктары, ислам зодчийлигинин эстеликтери (Орхан-бей, Баязид I, Улуу-Жами, Ешиль-Жами мечиттери ж. б.), мечиттер да бар. Бүткүл дүйнөлүк мурасынын тизмесине киргизилген. Университет, музейлер, машина куруу, текстиль, тамак-аш, жыгаччылык өнөр жайлары иштейт. Цитрус өсүмдүктөрүн өстүрүүнүн борбору.