БУРУЛМА-КАЛАКЧАЛУУ ТУРБИНА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРУЛМА-КАЛАКЧАЛУУ ТУРБИ́НА (бара), К а п л а н б а р а с ы (т у р б и н а с ы) – канат сымал калакчасы жумушчу дөӊгөлөктүн втулкасына (бой шакегине) бекитилген жана атайын кыймылга келтиргичтин жардамы менен өз огунда автоматтык бурулуучу реактивдүү суу турбинасы (барасы). Анын кубаттуулугу 200 МВтка жетет. Жумушчу дөӊгөлөгүнүн эӊ чоӊ диаметри 10 мге жакын. Ал бир мезгилде багыттоочу аппараттын калакчасын жана жумушчу дөӊгөлөгүн буруучу кубаттуулук менен жөнгө салынуучу кош жөндөгүчкө ээ. Суунун кысымы 15–60 мге чейин колдонулат. Аны 1920-жылы Австралиялык инженер В. Каплан ойлоп тапкан.