БУРУЛЧА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БУРУЛЧА Осмонбек кызы (1840, азыркы Ысык-Көл району, Өрүктү айылы – 1916, Каркыранын белинде) – темир ооз комузчу. Атасы чоӊ мүнүшкөр, энеси ооз комузчу, кошокчу болгон. Эл оозунда калган сөздөргө караганда Бурулча темир комуз кагуу менен гана чектелбестен, ырчы, өтө шайыр, оюн-зоок уюштурууга шыктуу болгон. Темир ооз комузда «Турумтай», «Булбул», «Тактеке», «Керме-тоо» сыяктуу күүлөрдү чебер аткарган. Өзү «Бурулчанын селкинчек», «Кош кайрык», «Бурулчанын ой селки» сыяктуу күүлөрдү чыгарган. Бул күүлөрдү К. Орозов, Ы. Туманов жана башкалар комуз үчүн иштеп чыгышкан.