БУРУТ

Кыргыз Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУРУТ – 17–18-кылымдарга чейин Цин-манжур (Кытай), монгол тилдүү булактарда, орус авторлорунун эмгектеринде Теӊир-Тоо кыргыздарынын дагы бир аталышы. Алгач ойрот-кыргыздарды калмактар Бурут деп аташып, алар аркылуу Кытай жазмаларына өткөн (кара: Кытай тарыхый даректери). Бирок, Ч. Валихановдун кыргыздардын тарыхына арналган макалаларында кыргыздар кытайлар атагандай «бурут» деген атты таптакыр билишпегенин, бул сөздү алар (кыргыздар) такыр угушпагандыгын; «бурут» деген уруктун аталышын кыргыздардын ичинен кездештире албагандыгын жазат. Бурут кыргыздарга сырттан таӊууланган кошумча ат болгон. Биздин замандын баш чендеринде Чыгыш Түркстан жана ага чектеш жайгашкан аймактарды кыргыздардын бир бөлүгү байырлап, «бурут» (кытайча «булу», «булутэ») деп аталган. Бурут этнониминин аталышы, жаралашы, түпкү жалпылыгы, байланышы боюнча тарыхчы-окумуштуулардын (И. Я. Бичурин, В. Шотт, Ч. Валиханов, Н. Аристов, А. А. Абдыкалыков ж. б.) изилдөөлөрүндө бир беткей айтылган пикирлер жок.

Ад.: Валиханов Ч. Ч. Собр. соч. в 5и томах. Т. 2. А.-А., 1985.