БУРХАНОВ
БУРХАНОВ Шүкүр (15. 9. 1910, Ташкент – 14. 8. 1987, ошол эле жер) – өзбек актёру, СССР эл артисти (1959), Өзбек ССР Хамза атындагы мамлекеттик сыйлыгынын лауреаты (1964). 1928-жылы Өзбек мамлекеттик драма театрынын (азыркы Хамза атындагы театр, Ташкент) труппасына кирген. Бурхановдун сахналык ишмердиги 1928-жылы башталган. Актёрдун чыгармачылыгы көп кырдуу: ал психологиялык жактан татаал, ошондой эле курч сатираны, романтикалуу жана драмалык образдарды түзгөн. Аткарган ролдору: Гулям (Яшен, «Сыймык жана сүйүү»), Гафур (Хамза, «Бай жана батрак»), Фархад (Хикмет, «Сүйүү жөнүндө легенда»), Брут (Шекспир, «Юлий Цезарь»), Эдип (Софокл, «Падыша Эдип») ж. б. кинофильмдерге да тартылган: Карабатыр («Тахир-Зухра»), Улугбек («Улугбектин жылдыздары»), Ялантуш («Азиянын үстүндөгү бороон») ж. б. Бурханов орден жана медалдар менен сыйланган.