БУРЧТУ ҮЧКӨ БӨЛҮҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БУРЧТУ ҮЧКӨ БӨЛҮҮ – эркин алынган бурчту циркуль жана сызгычтын жардамында барабар 3 бөлүккө бөлүү жөнүндөгү чыгарууга карата берилген байыркы маселелердин бири. Байыркы Грекияда классикалык үч маселеге кубдун эки эселениши, тегеректин квадратурасы жана бурчтун үчкө бөлүнүшү кирген. Бул маселе х3+рх +q=0 түрүндөгү толук эмес 3-тартиптеги теӊдеменин тамырын чыгарууга келтирилет. Маселенин айрым учурун эске албаганда, мисалы, берилген бурч тик болсо, циркуль, сызгычтын жардамы менен чыгарууга мүмкүн эместигин 1837-жылы француз математиги П. Ванцель далилдеген.