БУРЯТ ТИЛИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БУРЯ́Т ТИЛИ – бурят калкынын тили. Монгол тилдеринин тобуна кирет. Бурят тили 4 диалектиге (батыш, чыгыш, төмөнкү уда, сартул-цонгол) бөлүнөт. Бурят адабий тили элдик тилдин негизинде калыптанган. Жазуусу 1931-жылы латын, 1939-жылы орус графикасынын негизинде түзүлгөн.