БУТА

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУТА , м и ш е н ь – 1) полигондо, бута атуучу жайда, деӊизде таамай атууга машыгуу үчүн атайын жасалган сөлөкөттөр. Куралдардын түрүнө жараша Буталар да ар кыл жасалат. Мылтык, автомат, тапанчага тегерек (спорттук) жана ар түрдүү сөлөкөттөгү Буталар; артиллерияга – калкандар, ар түрдүү сөлөкөт Буталар, ошондой эле окоптор, блиндаждар; асманда Бута үчүн парашюттар жана трос менен самолётко сүйрөтүлгөн конустар же радио менен башкарылып учуучу самолёттун макети; деӊизде атууга машыгууда суу үстүндө тикесинен жүрүүчү калкымалар ж. б. колдонулат. Буталардын кыймылсыз, көрүнүп жок болуп, жылып туруучу түрлөрү колдонулат. 2) Кыргыз элинде байыртадан Бута атууга алгач жаа, милтелүү мылтык, кийинчерээк бараӊ колдонулган. Бута атуу аркылуу жоокерчиликке, мергенчиликке жана мелдештерге даярданышкан.