БУТАДИЕН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУТАДИЕ́Н , д и в и н и л, СН2=СН– СН= СН2 – мүнөздүү жыты бар, түссүз газ. Эрүү t –108,9°С, кайноо t – 45°С, сууда начар, спиртте, керосинде, бензолдо, эфирде, хлороформдо, ССI4тө жакшы эрийт. Аба менен 1,6–10,8%түү аралашмасы жарылат. Реакцияга өтө жөндөмдүү; суутек, галогендер, галогендүү суутек ж. б. менен реакцияга оӊой кирет. Бутадиен оӊой полимерленип, синтездик каучуктарды пайда кылат. Стирол, акрилонитрил же акрил жана метакрил кислоталары, винил жана винилиденхлориддер, изобутилен, изопрен ж. б. менен сополимерлөө реакциясына кирет. Ал спиртти, бутанды, бутиленди катализатордун жардамы менен дегидрлөөдөн алынат. Бутадиен баалуу каучуктарды синтездөөдө колдонулат.