БУТАН

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУТА́Н , Б у т а н К о р о л д у г у (дзонг-к тилинде – Друк-Юл, сөзмө-сөз Ажыдаар өлкөсү) – Түштүк Азиядагы мамлекет, Чыгыш Гималайда жайгашкан.

Чыгышынан жана түштүгүнөн Индия, түндүгүнөн жана түндүк-батышынан Кытай менен чектешет. Аянты 46,65 миӊ км2. Калкы 771,6 миӊ (2020). Борбору – Тхимпху шаары. Расмий тили –


Таблица бар

дзонг-кэ (бхотия) тили. Акча бирдиги – нгултрум. Административдик-аймактык жактан 20 провинцияга (дзонг) бөлүнөт. Бутан – БУУнун (1971), Түштүк Азия өлкөлөрүнүн кызматташуу ассоциациясынын (1985; СААРК), Эл аралык валюта фондунун (1981), Бүткүл дүйнөлүк соода уюмунун (байкоочу катары) мүчөсү.
Бутан – унитардык мамлекет. Башкаруу формасы – чектелген монархия. Мамлекет башчысы – король. Аткаруу бийлигин король жана Министрлер Кеӊеши ишке ашырат. Мыйзам чыгаруу бийлигинин жогорку органы – Улуттук чогулуш (Цонгду).
Бутан – тоолуу өлкө. Түштүк чек арасын бойлой тоолуу аллювий түздүгү, түштүк жагын адырлуу бөксө тоо, борбордук бөлүгүндө бийиктиги 4840 мге жеткен Кичи Гималай, түндүгүндө Чоӊ Гималай (эӊ бийик чокусу 7554 м болгон Кула-Кангри тоосу) жатат. Темир, коргошун, жез, таш көмүр, слюда, мрамор казылып алынат. Климаты муссондук, түштүк жагы ысык жана нымдуу (жылына 2000–5000 мм жаан жаайт, айлык орточо темпратурасы кышында –4°тан – 16°Сге чейин, жайында 30–36°С), тоо аралык өрөөндөрдө – жумшак, мелүүн-нымдуу (жылына 1000–1500 мм жаан жаайт). Брахмапутра дарыясынын куймалары – Манас, Санкош, Ванг-Чу, Нгамо. Түндүгүндө көптөгөн мөӊгүлүү көлдөр бар. Аймагынын 65%ин токой ээлейт. Жалпы аянты 12,4 миӊ км2 (2005) коргоого алынган аймагы бар; анын ичинде Торса коругу, Жигме-Сингай-Вангчук, Жигме-

Лхунци шаарына кеткен жол.

ки – 54,7. Калкынын орточо жыштыгы 1 км2 жерге 16,7 киши. Шаар калкы – 21%. Ири шаарлары: Тхимпху, Пхунчхалинг. Бутандын байыркы жана орто кылымдардагы тарыхы толук изилденген эмес. 6–7-кылымдарда Бутандын аймагы азыркы Индиянын Ассам штатын камтыган Брахмапутра өрөөнүндөгү Камарупа мамлекетинин курамында болгон деген маалыматтар кездешет. Камарупа кыйрагандан кийин Бутанга бир нече ирет тибеттиктер басып ки-

рип, алардын айрым бөлүктөрү жергиликтүү элдер менен чогуу отурукташып калган. Тибеттиктер Бутанда өз маданияты менен ламаизмди карманган. 17-кылымдын ортосунда Бутан чексиз монархиялык мамлекет болуп калыптанган. 1774-жылы азыркы Бутандын аймагында жашаган элдер Кытайдын бийлиги астына өткөн. 19-кылымдан 1947-жылга чейин Бутанда Улуу Британиянын протектораты орногон. 1907-жылы англичандардын жардамы менен Вангчуктар династиясынын бийлиги орнотулуп, алгачкы өкүлү Угьен Вангчук такка отурган. Англиялык колониячыл өкмөт Бутандын тышкы саясатын көзөмөлдөгөнү менен ички иштерине кийлигишкен эмес. 1949-жылы Бутан көз каранды эместикке жетишкен, бирок чет мамлекеттер менен байланышы Индиянын көзөмөлү астында жүргүзүлгөн. 1954-жылы мыйзам чыгаруу органы – Улуттук чогулуш (Цонгду) түзүлгөн. 1971-ж. Бутан БУУнун мүчөсү болуп кабыл алынган. 1998-жылы өлкөдө саясий реформалар жүргүзүлүп, король айрым ыйгарым укуктарын Улуттук чогулушка өткөрүп берген. Цонгду 2004-жылы Азия кызматташтык диалогуна кошулган. 2007-жылдан Азия парламенттик ассамблеясынын мүчөсү. 2006-жылдан королу Кхесар Намгьяла.
Бутан – агрардык өлкө. Дүйнөдөгү анча жакшы өнүкпөгөн өлкөлөрдүн катарына кирет. ИДПнин көлөмү 2,9 млрд долларды түзөт. Аны киши башына бөлүштүргөндө 1400 доллардан туура келет. ИДПде айыл чарбасынын үлүшү 36%, өнөр жайы менен курулуштуку 23%. Акиташ, мрамор, доломит, графит, сланец, асыл таштар жана азыраак темир, көмүр өндүрөт. Экономикасындагы эӊ тез өскөн тармак – гидроэнергетика. Жылына 2 млрд кВт·с электр энергиясын өндүрөт, анын 99%ин ГЭС берет. Энергияга болгон ички керектөөсү анча жогору болбогондуктан, негизинен экспорттолот (Индияга). Кустардык кол өнөрчүлүгү (кездеме, килем, согуш куралдары, металл менен жыгачты кооздоо) өнүккөн. Цемент, тамак-аш, токой өнөр жайы бар. Чакан ишканалары басымдуу. Жеринин 7,7% иштетилет. Негизги өсүмдүгү шалы, жүгөрү, картошка, цитрус өсүмдүктөрү, жемиштер. Жайытта багылган мал чарбачылыгы (жылкы, топоз, кой, эчки) өнүккөн. Автомобиль жолунун узундугу 4007 км. Темир жолу жок. Сыртка электр энергиясын, асыл таштарды, цемент, жыгач, жемиш консерваларын, кардамон, мускус, лак, мом, графит, пил сөөгүн чыгарат.

Тхимпху чеби.

Сырттан оор машина тетиктерин, транспорт жабдыктарын, минерал майларын, күрүч алат. Почта маркаларын сатуу жана чет элдик туризм өнүккөн. Негизги соода өнөктөштөрү: Индия, Бангладеш.

2003-ж. Тхимпхуда Королдук университет негизделген, анын астында илим-изилдөө институттары бар; алар: Королдук менеджмент институту, Королдук технологиялык институт, Салттык медицина улуттук институту ж. б. Телекөрсөтүүсү 1999-жылдан иштейт. 1992-жылдан жума сайын «Кунсель» гезити чыгат. Архитектурасы менен искусствосу ламаизмдин таасиринде өнүккөн. Бутандын архитектурасы 17-кылымда дзонгдор аркылуу таанылган.


Ад.: Алексеева Н. Н. Современные ландшафты зарубежной Азии. М., 2000; Иванов Б. А. Бутан // Политическая история государств Азии и Северной Африки. XX век. М., 1996; Кальцов Н. Н. Бутан. М., 1989.