БУТАНАЕВ
БУТАНАЕВ Виктор (Астайбек) Яковлевич (1946-жылы туулган, Россия, Хакасия) – тарых илимдеринин доктору (1993), профессор (1996). КРдин илимге эмгек сиңирген ишмери (2004). 1968-жылы В. И. Ленин атындагы Ташкент мамлекеттик университетин бүтүргөн. 1968-жылдан Н. Ф. Катанов атындагы Хакас мамлекеттик университетинин археология, этнография жана край таануу кафедрасынын башчысы. Анын эмгектери этнографиялык, кыргыз таануу жана түркология маселелерин изилдөөгө арналган. 200дан ашык илимий эмгектердин, анын ичинен 30дай монографиянын автору. Кыргыз элинин тарыхын жана маданиятын изилдөөгө кошкон салымы үчүн 3-даражадагы «Манас» ордени жана «Даӊк» медалы менен сыйланган.
Эмг.: Этническая культура хакасов. Абакан. 1988; Бутанаев В. Я., Худяков Ю. С. История енисейских кыргызов. Абакан. 2000 ж. б.