БУТАРА
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БУТА́РА (лат. butarium – челек) – барабандуу калбыр. Чачыранды кендерде алтынды, касситеритти ж. б. жууп иргөө үчүн байыртадан колдонулуп келген прибор, курулма. Алгач жыгачтан жасалып, кийин металл конструкциялары пайдаланылган. Тегеренип турган барабаны цилиндр же конус сымал болот. Анын түзүмү толтурулуучу воронкадан, жантык калбырдан, жуугуч шлюздан турат. Эмгек өндүрүмдүүлүгү 1–3 жумушчу иштегенде: кол Бутара – 0,8 м3/саат, ат кошулган Бутара – 4 м3/ саатка чейин.