БУТТЕМ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУТТЕМ (ал-Буттам, ал-Буттаман, Бутаман, Рottman) – тарыхый ороним; Орто Азиядагы тоолуу өлкөнүн орто кылымдагы аты. 7–12-кылымдардагы араб-фарсы географиялык адабияттарда, муг даректеринде ал Фергана менен Панж дарыясынын аралыгында жайгашкан, орографиялык түзүлүшү татаал Биринчи же Ички Буттем, Орто Буттем, Тышкы Буттем болуп 3 бөлүккө бөлүнгөн. Азыр алар Ысар (Гиссар), Заравшан жана Түркстан – Алай тоо кыркалары менен салыштырылат. Ал-Истахри (10-кылым) Буттем – адам жеткис бийик аска тоолор, анын көп жери суук, ызгаардуулугун, тоолордо алтын менен күмүштүн кендери, кеперез менен нашатырь бар экендигин жазган. «Дүйнөнүн чектерин» (10-кылым) жазган белгисиз фарсы географы Бутамандын чыгыш чеги Хурсаб (Куршаб) суусунун башына чейин барат деп көрсөткөн. Азыркы географиялык номенклатурада Буттем кезикпейт.