БУУЛАНУУ ЖЫЛУУЛУГУ
БУУЛАНУУ ЖЫЛУУЛУГУ – басымы жана темпратурасы туруктуу (изобара процесси жана изотерма процесси) теӊ салмактуу процессте суюк затты газга (бууга) айландырууда сарпталуучу жылуулук саны. Анын сан мааниси буунун суюктукка айлануусуна (конденсация) кеткен жылуулукка барабар. Буу пайда болууда энергия жутулат, ал эми буу суюктукка өткөндө энергияны (жылуулукту) бөлүп чыгарат. Суюктукту газга айландырууну бирдей температурада талдап алуу ылайыктуу. Анткени ушул учурда бул чоӊдук түздөн-түз калориметрдик жол менен ченелүүчү берилген жылуулук саны боюнча өлчөнөт. Суюктуктун буулануусунун салыштырма жылуулугу анын табиятына көз каранды. Катуу заттар да ар кандай температурада бууланат жана буулануу жылуулугун жутуу менен улантылат. Ал бөлүкчөлөрдү катуу заттын бетинен түздөн-түз «тартып» алууга сарпталат. Айрым катуу заттар (мисалы, нафталин, камфора, муз) кадимки шартта оӊой бууланат. Жуулган кирдин кышында (аязда) кургашы муздун бууланышы болуп эсептелет. Металлдар кыйынчылык менен бууланат. Катуу заттын буулануу жылуулугу температурага көз каранды.