БУУЛУМ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БУУЛУМ – 1) кымбат баалуу, сейрек кездешүүчү кездеменин бир түрү. «Манас» эпосунда: «Барча, буулум, дүрүйө, баасы кыйын дүнүйө» деп айтылат. 2) Кийимдин аталышы. Ичи суусар жана башка баалуу терилер менен ичтелип, Буулум менен тышталган, жеӊил, жылуу ичик же тон тигилгендиги жоромолдонот. «Каныкей, буурулду берчи – минейин, буулумду берчи – кийейин», – деген саптарда буулумдан тигилген кийим да буулум деп аталары айгинеленет.