БУУРЧАК ӨСҮМДҮКТӨРҮ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУУРЧАК ӨСҮМДҮКТӨРҮ – чанактуулар тукумуна кирүүчү өсүмдүктөр тобу. Ага буурчак, май буурчак, төө буурчак, тоют буурчагы, маш буурчак, шалбаа буурчагы жана жер буурчактар кирет. Бул өсүмдүктөр биологиялык, морфологиялык касиеттери, көрүнүшү боюнча бири бирине окшош. Булардын негизги сапаты – алардын жашыл массасында жана үрөндөрүндө эӊ баалуу белоктун көп болушу. Данында белок, крахмал, май, чийки клетчатка, күл болот. Анда адамга, жаныбарларга эӊ керек алмаштыргыс аминкислоталары арбын. Айрымдарында май менен кант көп. Мисалы, май буурчакта 20–24%ке чейин май, анын канттуу же жашылча сортторунун данында 8–13% кант, бир топ баалуу витаминдер болот. Жалбырагынын түзүлүшү боюнча үч топко бөлүнөт. Чанактуу дан өсүмдүктөрдүн тамырында бактериялуу түймөк пайда болуп, анда симбиоздо жашоочу бактериялардын жардамы менен биологиялык азот пайда болуп, топуракта топтолот. Ошондуктан топурактын сапатын жакшыртууда буурчак өсүмдүктөрү өстүрүлөт.
А. Бабаев.