БУУ БАРАСЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУУ БАРАСЫ , б у у т у р б и н а с ы (лат. turbo – куюн, чимирик, ийик) – суу буусу кеӊейгендеги потенциалдык энергияны механикалык энергияга айландыруучу жылуулук кыймылдаткыч. Буу барасы жумушчу калактар бекитилген дисктүү ротордон, буу киргизүүчү жана чыгаруучу патрубоктуу станоктон, диафрагмадан жана соплодон турат. Дисктер валга бекитилет. Бара иштегенде соплодогу буу кеӊейип, калакчалардын айлануу багытын көздөй буунун ылдамдыгы жогорулап, калакты айланып өткөн буунун агымы өзүнүн кыймыл багытын өзгөртөт. Бул учурда калакчаларга аракет эткен күчтөр жумуш аткарат. Буунун кеӊейишине жараша Буу барасы а к т и в д ү ү жана р е а к т и в д ү ү болуп айырмаланат. Баранын айлануучу бөлүктөрүндө буу үзгүлтүксүз кеӊейгендиктен, буу мезгил-мезгили менен ке-


Сүрөт бар


Буу барасы (турбинасы):
1, 2, 3 – калакчалар; 4 – буу кирүүчү патрубок;
5 – буу чыгаруучу патрубок; 6, 7 – диафрагмалар;
8 – диск бекилүүчү вал; 9 – сопло.

ӊейе турган поршендүү буу машинасына караганда Буу барасында механикалык энергия үзгүлтүксүз пайда болуп турат. Ошентип, барада үзгүлтүксүз тез жүрүүчү электр генераторун, аба үйлөткүчтөрдү, аба кысуучу көөрүктү (компрессорду) иштетүүгө колдонулат. Буу барасы пайдаланылышына жараша орнотулган жана көчмө болуп бөлүнөт. Орнотулган (стационардык) Буу барасы станциясына, көчмө Буу барасы кемелерге орнотулат.