БУУ КАЗАНЫ
БУУ КАЗАНЫ – жогорку басымдуу бууну алууга ылайыкталган жылуулук алмаштыргыч аппарат. Буу алууда көбүнчө суу пайдаланылат да, ал казандын очогуна катуу отун же газ жагып, бууга айландырылат. Бууну өнөр жайда пайдалануу 18-кылымда башталган. Орус ойлоп табуучусу И. И. Ползунов дүйнөдө 1-буу машинасын 1765-жылы курган. Андан кийин Буу казанынын өндүрүмдүүлүгүн жогорулатуу, анын пайдалуу аракет коэффициентин арттыруу, казандын өлчөмүн жана материалды аз сарптоо багытында үзгүлтүксүз иштер жүргүзүлгөн. Буу казаны колдонулушуна жараша орнотулма (стационардык) жана көчмө болуп бөлүнөт. Орнотулма Буу казаны электр станцияларына орнотулуучу энергиялык, өнөр жайлык, коммуналдык ишканалардын казан агрегатына коюлуучу жана имаратты жылыткыч болуп айырмаланат. Транспортко (паровоз, пароход ж. б.) орнотулуучу Буу казаны көчмө казандын мисалы болот. Казандын газ түтүктүү жана суу түтүктүү түрү бар, алар камералуу жана секциялуу болот. Электр станциясында 100 кг/см2 басымдагы бууну пайда кылууда 230 т/с өндүрүмдүүлүктө иштеген Буу казаны орнотулат, ошондой эле 200–300 кг/см2 басымдагы бууну 500 т/с өндүрүмдүүлүктө иштетүүчү Буу казандары да бар.