БУУ КЕМЕСИ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БУУ КЕМЕСИ , п а р о х о д – буу кыймылдаткычы (буу машинасы же бара) менен кыймылга келип, өзү жүрүүчү кеме; баралуу Буу кемеси б а р а ж ү р г ү ч т ө р (турбоход) деп да аталат. Ал буу машинасы ойлоп табылгандан кийин курулган, бирок 19-кылымдын башында гана колдонула баштаган. Алгачкы «Клермонт» Буу кемесин Түндүк Америкада 1807-жылы Р. Фултон курган. Россияда алгачкы «Елизавета» Буу кемесиси 1815-жылы Петербург менен Кронштадттын ортосунда каттаган. Азыркы өзү жүрүүчү кеменин негизги түрү – т е п л о х о д, ал негизинен ичинен күймө кыймылдаткыч менен жүрөт.