БУХАРЕСТ ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ (1812)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БУХАРЕ́СТ ТЫНЧТЫК КЕЛИШИМИ (1812) Россия-Түркия согушунун аякташы менен 1812-жылы 16 (28)-майда Бухарестте түзүлгөн. Түркиянын өкүлү кечеӊдеткенге аракет кылса да, орус армиясынын башкы командачысы М. И. Кутузов сүйлөшүүлөрдү Наполеон I Россияга кол салганга бир ай калганда бүтүрүүгө жетишкен. Натыйжада Россиянын түштүк чек арасы коопсуз болуп, Дунайдагы армияны батыш чек араны бекемдөө үчүн пайдаланууга мүмкүндүк түзүлгөн, Түркия Францияга союздаш болбой калган. Келишим боюнча Россия менен Түркиянын чек арасы Прут дарыясы (мурда Днестр эле) менен чектелип, Бессарабия Россияга өткөн. Россия Кара деӊиздин Кавказ жээгинен 1-жолу деӊиз базасына ээ болгон.