БХУТТО Зульфикар Али-хан

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(БХУТТО барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БХУ́ТТО Зульфикар Али-хан [5. 1. 1928, Британиялык Индия (азыркы Пакистан), Ларкана – 4. 4. 1979, Равалпинди] – Пакистандын мамлекеттик жана саясий ишмери. Калифорния (АКШ) жана Окс

Форд (Улуу Британия) университеттеринде билим алган. 1958–1966-жылдары Пакистандын бир катар министрликтерин жетектеген. 1965–1966-жылдары Пакистандын Мусулмандар лигасы партиясынын генералдык секретары. 1967-жылы Пакистан Элдик партиясын негиздеген. 1971-жылы декабрдан 1973-жылдын августуна чейин өлкөнүн президенти, андан кийин премьер-министри. Бхуттонун тушунда жаӊы конституция кабыл алынып, Пакистан президенттик башкаруудан парламенттик республикага айландырылган. Анын өлкөнү модернизациялоого багытталган реформалары консервативдүү ислам чөйрөлөрүнүн нааразылыгын пайда кылган. 1977-жылы генерал Зия уль-Хак жетектеген аскердик төӊкөрүштөн кийин Пакистанда согуштук режим орнотулуп, Бхутто камакка алынган жана согуштук администрация тарабынан өлүм жазасына тартылган.
Ш. К. Өмүрова.