БЫЛПЫЛДАКТАР
БЫЛПЫЛДАКТАР (Porifera) – омурткасыз жаныбарлардын тиби. Төрт түркүмүн камтыган жалгыз (Spongia) классы бар. Былпылдактардын денеси органдарга, ткандарга даана бөлүнбөйт; көп клеткалуу жандыктардын жөнөкөйү. Тиричилигин кыймылсыз абалда өткөрөт. Алар таманы менен субстратка жабышып турат, бош жагында оозу болот. Денеси 2 катмар клеткадан турат. Сырткы катмары жалпак эпителийден, ичкиси түктүү өзгөчө клетка – хоаноциттерден турат. Көпчүлүгүнүн кремнезём же көмүр кычкыл туздарынан түзүлгөн скелети болот. Алардын 5000ге жакын түрү белгилүү. Деӊиз жээгинен баштап, 8000–8500 м тереӊ суу түбүндө колония болуп жашайт. Түндүк жана Ыраакы Чыгыш деӊиздеринде 300дөн ашуун, Кара деӊизде 1 түрү бар. Байкал былпылдактарынын жана бадяганын бир нече түрү тиричилигин тузсуз сууда өткөзөт. Былпылдактар жөнөкөйлөр, балырлар ж. б. менен азыктанат. Көбү гермафродиттер, жыныссыз жол менен көбөйөт. Кээ биринин медициналык, техникалык максат үчүн мааниси бар.