БЫЧМАЧЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БЫЧМАЧЫ – кийимдин бардык түрүн, үй-буюмдарын, боз үй жабдууларын жана ат жабдыктарын бычуучу уз. Мурда ар бир айылда бир нече Бычмачы болгон. Алар турмуш-тиричиликке керектүү кийим-кечек, буюм жана башкаларды кездеме, таар, кийиз жана териден бычып берип, кол акысын алышкан. Кийин Бычмачылык өнөр жайлык мүнөзгө өттү.