БЫШТАК
БЫШТАК – 1) ириген же иритилген сүттү кайнатканда, сары суусунан бөлүнүп алынган коюу азык. Быштак майлуу, даамдуу жана аш болумдуу келет. Ал бир нече түргө бөлүнөт. Уй же кой-эчкинин ууз сүтүнөн жасалса – ууз быштак (уузду кайнатып, туз татытып, уютат), ириген сүттөн жасалса иримчик быштак (ириген сүттү сары суусу соолгончо акырын кайнатып, каймак куюп, шекер сээп, бышырат), кой-эчкинин туз кошулган сүтүнөн уютулуп жасалса, такта быштак же уюткан быштак (сүткө сүзмөнүн сары суусун куюп, уютат) деп аталат. Ошондой эле эжигей да быштак азыгына кирет. 2) Сүт азыктарын даярдоочу ишканаларда атайын технологиялык жол менен даярдалуучу мүнөз тамак. Быштак майлуу (18%), орто майлуу (9%) жана майсыз кылып даярдалат. Быштакты даярдоодо майлуулугу белгилүү өлчөмдөгү сүт 80°та пастерленип, 32°ка чейин суутулат. Сүт 2 ыкмада уютулат. Биринчисинде 5% сүт кычкыл стрептококктуу уютку кошулуп, 40%түү хлордуу кальций (100 кг сүткө 400–500 г суусу жок туз) жана жумур ферментинин 1%түү эритмеси кошулат. 30–32°температурада сүт 6–8 с уюйт. Даяр массанын суусу сарыктырылат жана ныкталат, кээде центрифуга менен быштакты сары суусунан бөлүүгө болот. Экинчи ыкмада бактериялык уютку гана кошулуп, уютулат. Даяр масса каршы-терши кесилип, 38–40°ка чейин ысытылып, 15–20 мин кармалат. Сары суусу жогоркудай ыкмада бөлүнөт. Майлуу быштакта 15%ке жакын белок, 2,4% кант болот. Бир кг майлуу быштак алуу үчүн 5,9–6,9 кг майлуулугу 3,0–3,5% сүт керектелет. Анын белогунда адамга керек бардык, анын ичинде алмаштырылгыс амин кислоталары болгондуктан, баалуу азык.