БЫШЫКТЫК ЧЕГИ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЫШЫКТЫК ЧЕГИ , б е к е м д и к ч е г и – материалдын механикалык мүнөздөмөсү. Анын төмөнкүдөй түрлөрү бар: 1) убактылуу каршылык көрсөтүү – үлгүнүн талкалануу алдында эӊ чоӊ күчкө туруштук берүүчү шарттуу чыӊалуусу (аракет этүүчү күч үлгүнүн алгачкы туурасынан кесилиш аянтына болгон катышы менен аныкталат). 2) Бышыктык чеги талкалануу аймагында үлгүнүн туурасынан кесилиш аянты өзгөрбөй убактылуу каршылык көрсөтүүсү, мисалы, чоюлууга дуушар болгон үлгүнүн ичкербей (жергиликтүү ичкерүү) туруп үзүлүшү. Бышыктык чеги бир аз өлчөмдөгү пластикалуу деформация (майышма өзгөрүү) кезинде талкалана турган материалдын негизги мүнөздөмөсү болуп эсептелет.