БЮДЖЕТ CИCТЕМАCЫ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЮДЖЕ́Т CИCТЕМАCЫ (англ. budget systems) – өлкөнүн бардык бюджеттеринин жыйындысы. Коомдун саясий түзүлүшүнө жана мамлекеттин экономикалык системасына‚ анын административдик-аймактык бөлүнүшүнө негизделет. Бюджет системасынын түзүлүшүнүн социалдык-экономикалык жана уюштуруу принциптери‚ анын структурасы‚ ага бириктирилүүчү бюджеттердин өзара байланышы өлкөнүн бюджеттик түзүлүшүн мүнөздөйт. Бюджет системасы эки же үч звенодон турушу мүмкүн. Бирдиктүү (бириккен) мамлекеттерде борбордук жана жергиликтүү бюджеттер‚ федеративдүүдө орто звено – федерация мүчөлөрүнүн бюджети болот.