БЮРОКРАТИЯ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БЮРОКРА́ТИЯ (сөзмө сөз – канцеляриянын үстөмдүгү, фр. bureau – бюро, канцелярия, гр. krftos – бийлик) – адегенде өкмөт аппаратынын чиновниктери жана жетекчилеринин бийлиги; кийин коомдун түрлүү тармактарында башкаруу маселелерин жана бийликтин жогорку органдарынын чечимдерин аткаруу боюнча иш жүргүзгөн адамдардын катмары. Башкаруунун зарыл элементи катары Бюрократия өзгөчө социалдык катмарга айланат. Анын мүнөздүү белгилери: иерархия, регламенттештирүү, эмгектин бөлүнүшү жана өз милдеттерин аткарууда атайын билимдин болушу. Бюрократиянын болушу – саясат жана бийликтин жашоосу үчүн субъективдүү-объективдүү шарт. Ал мамлекеттин келип чыгуу генезиси жана коомдогу калк катмарынан адамдардын өзүнчө топ болуп бөлүнүп чыгышы, алардын коомду башкаруу функциясын аткарышы менен байланышкан. Бюрократия социалдык организм катары оӊ-терс, татаал мазмунга ээ. Анын башкаруу мамилелеринин системасындагы ордун – саясий элита менен калктын ортосундагы ортолук, аралык, көз каранды эмес ордун белгилесе болот. Бюрократия – администрациялык иштин кожоюну, документтер, маалыматтар анын колунда болгондуктан, мамлекеттик чечимдерди, актыларды даярдоо, түзүү мүмкүнчүлүктөрү кеӊири; мунун баары аппаратка калк менен тике алакага чыгууга жол берет. Дээрлик бардык эле мамлекеттерде чиновник идеалдуу жаран катары көрсөтүлөт. Ал эми андан башкалар болсо, анын саясатын кандай кабыл алышкандыктарына жараша жалпысынан аны колдоочулар же колдобоочулар (оппозиция) болуп бөлүнүп кетишет. Ушундан улам Бюрократиянын татаал, терс маанидеги иштеринин формалары, натыйжалары, социалдык антагонисттик каршылашуулар, конфликттер, саясий обочолонуулар, бөлүнүшүүлөр келип чыгат. Мындай Бюрократияга каршы туруучу күч жок өӊдөнүп калат. Бул абал жалпы элдин күчүн көтөрүп чыгышы мүмкүн. 2005-жылдын башында Кыргызстанда ушундай кырдаал пайда болгон.
Т. Эсенгелдиев.