БЮСТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БЮСТ (французча buste, латынча bustum – мүрзө үстүндөгү эстелик) – адамдын көөдөнүнөн жогору жагы тартылган жумуру айкелдик портрет. Бюст алгач Байыркы Египетте жана Байыркы Грекияда пайда болуп, Байыркы Римде калыптанган. Россияда Ф. И. Шубин, С.И.Гальберг, советтик доордо Н. А. Андреев, В. И. Мухина, Н. В. Томский жана башкалардын бюсттук чыгармалары белгилүү. Кыргызстанда Т. Садыков, О. М. Мануилованын иштери көпчүлүккө таанымал.


