БҮРГӨ БААТЫР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БҮРГӨ БААТЫР , Б ү р г ө И т и м б и й у у л у (болжол менен 1763–1831-жылдар чен, Мерке-Талас жергеси) – кушчу уруусунун бийи. Талас өрөөнүндөгү кыргыздардын кушчу уруусунан. Кыргыз элин чет элдик баскынчылардан сактоодо көрсөткөн эрдиктери үчүн «баатыр» деген атак наамын алган. Кушчу уруусуна бий көтөрүлгөн. Кокон хандыгынын саясий окуяларына да жигердүү аралашкан. Кокон хандыгы сунуш кылган датка наамынан баш тартып, Олуя ата, Сайрамдагы чептерге кол салган. Көз каранды эмес саясаты үчүн аны Кокон шаарынын башчысы тымызын тыӊчы жиберип, ууландырып өлтүрткөн. Кыргыздардын белгилүү төбөлдөрү: Атаке, Эсенгул, Садыр, Жаманак, Жайыл, Кошой, Түлөберди, Ажыбек менен үзөӊгүлөш, замандаш жашап, кыргыз элинин биримдиги үчүн кызмат кылган. Бүргө баатыр жоокерчилик менен катар эле чарбачыл адам болгон. Арык каздырып, суу чыгарткан. Меркеде «Бүргөнүн тогонду сайы» деп аталган жер азыр да бар. Бүргө баатырдын өзүнө таандык кызыл кочкул түстөгү туусун, мөөрүн, жортуулда кийүүчү темир зоотун жана жоокерлик кылычын урпактары азыркы кезге чейин сактап жүрөт.
Д. Сапаралиев.