БҮРКҮТ (кыраан куш)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(БҮРКҮТ 1 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БҮРКҮТ (Aquila chrysaetus) – туйгундар тукумундагы кыраан куш. Узундугу 90 сантиметрге, канатын жайганда узундугу 2 метрге жетет. Борбордук Азиянын бардык тоо кыркаларында таралган. Жайында деӊиз деӊгээлинен 2–3 миӊ метр бийик зоолордо жашайт. Уясын аска-зоолорго салып, аны башка жырткыч канаттуулардан кылдат кайтарат. Март айында 1–2 жумуртка тууп, ургаачысы 45 күндө басып чыгарат. Бүркүт – көзү курч, кыраан жырткыч куш. Түлкү, суур, эчки-теке, улар жана башкаларды алып азыктанат. Кыргыздар эзелтен

аны таптап, аӊ уулоодо пайдаланат. Мүнүшкөрлөр бүркүткө түлкү, карышкыр жана башкаларды алдырат. Кыргызстандын Кызыл китебине катталган.