БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК УБАКЫТ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БҮТКҮЛ ДҮЙНӨЛҮК УБАКЫТ , э л а р а л ы к у б а к ы т – баштапкы меридиандагы (0°) орточо күн убакыты. Меридиандын башталышы үчүн шарттуу түрдө Гринвич (Улуу Британия) обсерваториясынын меридианы кабыл алынган. Астрологиялык байкоолордо, эл аралык телеграф, телетайп байланыштарында ж. б. пайдаланылат. Мында убакыт түн ортосунан баштап саналат. Кыргызстандын убакытысынын Бүткүл дүйнөлүк убакыттан айырмасы 5 саат.