БӨГӨТ

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БӨГӨТ , б ө г ө л м ө, б а й л а м т а – көчкүнүн жана тектоникалык кыймылдардын натыйжасында капчыгайлардын, өрөөндөрдүн бөгөлүп калышы. Мындай процесстерден бөгөт көлдөр пайда болот. Кыргызстандагы Сары-Челек, Көл-Төр (Кегетиде), Жашыл-Көл (Чоӊ Кеминде), Ак-Көл (Жумгалда) ж. б. көлдөр Бөгөт көлдөргө кирет.