БӨЙРӨК
БӨЙРӨК – омурткалуу жаныбар менен кишинин заара пайда кылуучу жана бөлүп чыгаруучу жуп органы. Бөйрөк аркылуу заара менен кошо суу, азот алмашуунун акыркы продуктусу, туздар, организмдин өзүндө пайда болгон же сырттан кирген уу заттар бөлүнүп чыгат. Адамдын бөйрөгү ич көӊдөйүндө 12-көкүрөк жана 3-бел омуртканын тушунан орун алган. Төө буурчак формасында болуп, узундугу 10–12 см, салмагы 120–200 г. Ички жагы оюӊку келип, дарбаза деп аталат. Ал аркылуу бөйрөк артериялары жана нервдер кирип, вена, лимфа тамырлары ж-а заара аккыч түтүк чыгат. Бөйрөктү фибриндүү кабык, бөйрөк май жана туташтырма ткандуу фасция курчап, жылдырбай кармап турат. Анын кыртыш катмарынын калыӊдыгы 4–13 мм. Ал белгилүү өлчөмдөгү жана курамдагы заара бөлүп чыгарат. Заара менен кошо мочевина, туздар, суу ж. б. чыгат. Бул заттарды тери, өпкө, ичеги, шилекей бези да чыгарат, бирок алар бөйрөктү эч алмаштыра албайт. Сийдик бөйрөк тканын түзүүчү нефрондордо пайда болот. Ар бир нефрон сийдик чыпкалануучу мальпиги (бөйрөк) денечелеринен жана түтүкчөлөрдөн турат. Кишинин бөйрөгү аркылуу 1 минда 1200 мл кан өтүп, 120 мл заара, ал эми 1 суткада 150 л алгачкы заара (фильтрат) чыпкаланат. Чоӊ кишиде 5 лдей кан болот. Демек, кан бир суткада 350 жолу бөйрөк аркылуу өтүп, жетишерлик тазаланат. Алгачкы заара нефрон капсулаларынан заара түтүкчөлөрү аркылуу өтүүдө саны жана сапаты жагынан олуттуу өзгөрүүлөргө учурайт. Мында керектүү заттар клетка мембранасы аркылуу канга, зыяндуу заттар кандан түтүкчөгө өтөт. Сийдик чыгаруучу түтүкчөлөр биригип, ири түтүкчөгө чогулат. Ал аркылуу сийдик адегенде кичине, андан кийин чоӊ чөйчөкчөгө жана бөйрөк түтүгүнө (лоханка) жыйылат.

2 – бөйрөк пирамидасы; 3 – бөйрөк чөйчөкчөсү; 4 – бөйрөк кан тамырлары
(артерия ж-а вена); 5 – бөйрөк күлтүкчөсү; 6 – заара агуучу түтүк.