БӨЙҮ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БӨЙҮ – карышкыр жөргөмүштөр тукумуна кирген жөргөмүштөрдүн жалпы аталышы. Дене узундугу 3,5 смге чейин жетет. Тереӊ уюкта (60 смге чейин) жашайт; түнкүсүн курт-кумурскалар менен азыктануу үчүн чыгат. Бардык Бөйү уулуу, бирок адамга коркунучсуз. Чөлдө, жарым чөлдө жана токойлуу-талаада кездешет. Ургаачысы жумурткасын желе торуна тууп, аны кайтарат. Жумурткадан чыккан жаш Бөйү белгилүү убакытка чейин ургаачысынын жонунда жабышып отурат.