БӨЛҮКЧӨЛӨР

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БӨЛҮКЧӨЛӨР – сүйлөмдөгү айрым сөздөргө, сөз айкаштарына же бүтүндөй сүйлөмгө ар кандай кошумча модалдык, маанилик касиет, логикалык маани киргизүүчү кызматчы сөздөр. Алар семантикалык, морфологиялык, синтаксистик белгилери боюнча өз алдынча кызматчы сөз түркүмү болуп калыптанган. Бөлүкчөлөр кызматчы сөз түркүмү болгондуктан, сүйлөм мүчөсүнүн милдетин аткарбайт.