БӨЛҮШТҮРҮҮ ХРОМАТОГРАФИЯСЫ
Навигацияга өтүү
Издөөгө өтүү
БӨЛҮШТҮРҮҮ ХРОМАТОГРАФИЯСЫ – суюктук хроматографиясынын бир түрү. Ал башка түрлөрүнөн кыймылсыз фазанын агрегаттык абалы боюнча гана айырмаланат. Бөлүштүрүү хроматографиясы заттын катуу сорбентке жайгашкан бири-бири менен аралашпаган суюк кыймылдуу жана кыймылсыз фазалардын ортосундагы ар кандай бөлүнүүгө негизделген. Кыймылдуу фаза катары бөлүнүүчү заттарды кармоо убактысына жараша хлороформ же диоксан кошулган углеводороддор колдонулат. Эгерде адсорбенттин бетине ири молекулалуу каныккан углеводороддор жиберилсе, анда кыймылдуу фаза катары суу – спирт жана суу – ацетон аралашмасы колдонулат.