БӨРК (бекиткич тетик)

Кыргызстан Энциклопедия жана Терминология Борбору дан
(БӨРК 1 барагынан багытталды)
Навигацияга өтүү Издөөгө өтүү

БӨРК , з а к л е п к а – өзөктөн жана чегеленген бөлүктөн турган бекиткич тетик. Бөрктүн учун кошуп бекитүүчү Бөрктү пайда кылуу үчүн өзөктүн учу бириктирилүүчү жеринде чегеленет. Эгерде Бөрктөөдө жылмакай өзөк (бөркү жок) колдонулса, машина менен чегеленгенде эки учу теӊ бөрктөлөт. Температуралык өзгөрүүдөн жана электрхимиялык дат басуудан сактоо максатында Бөрктөлүүчү өзөк жана бириктиргич тетик бир материалдан жасалышы керек.


а – жарым тегерек бөркү м-н; б – жашырын бөркү м-н; в – жарым жашырын бөркү м-н;
г – жалпак бөрктүү; д – шөкүлөлүү астыӊкы бөркү м-н; 1 – бөрктөгүчтүн өзөгү;
2 – бөрктөлгөн бөрк; 3 – учун кошуп бекитүүчү бөрк. Жардыруучу бөрк:
а – койгонго чейин; б – бириктиргенден кийин (жарылуучу зат).